Connect with us

Маданият министрлиги обондуу ырлардын сынагын жарыялады

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 1156 | 0

Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун 80 жылдык мааракесине карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эң мыкты обондуу ырлардын республикалык сынагын жарыялады.

Сынак Ата Мекенди, эл- жерди, табиятты, махабатты музыканын ыргагы аркылуу даңазалоо, кыргыз ырларынын көркөмдүк деңгээлин көтөрүү, жаш өнөр ээлеринин чыгармачылыгына дем берүү максатында өткөрүлөт.

 Буга чейин ырдалып жүргөн обондор сынакка катыштырылбайт. Ошондой эле, авторлордун жашы, улуту, кесиби чектелбейт.

Катышуучулар өздөрүнүн чыгармаларынын ноталарын электрондук форматта, ал эми үндөрүн аткаруучунун аткаруусунда СD дискке MP 3 форматында жаздырып, 31-сентябрга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданият, искусство жана кесиптик билим берүү башкармалыгына жана Композиторлор союзуна — комиссиянын кароосуна жөнөтүшү керек.

Сынактын жыйынтыгы 15-октябрга чейин чыгарылат.

Толук маалымат алуу үчүн обондуу ырлар шилтемесин басыңыз.

Copyright © 2017 Maral FM