Биз менен байланышыңыз

Эми 995 сомго үйдөн чыкпай эле паспорт алууга болот

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 634 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы айрым шаарлар жана айылдар үчүн жарандарга документ берүү кызматынын баасын убактылуу төмөндөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Бул боюнча атайын пилоттук долбоор иштелип чыкты. Анда 2019-жылдын аягына чейин бардык аймактагы жарандарга жеринен документ берген мобилдик топтордун кызмат акысы төмөндөөрү каралган.

Арзандатылган 995 сомдук кызмат көрсөтүүдөн Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Кызыл-Кыя, Нарын, Талас, Токмок, Өзгөн шаарларынын, Базар-Коргон, Сокулук жана Сузак райондорунун жашоочулары пайдалана алышат. Ал эми ири шаарлар Бишкек жана Ош үчүн мурдагы эле баада, 1616 сом бойдон калат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бардык облустарында калкты тейлөө боюнча мобилдик борборлор ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, карылар үйүндө жашаган жарандарга, I топтогу майыптарга жана балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучуларга жана жетимдерге акысыз кызмат көрсөтөт. Ошондой эле, мобилдик топтун документ боюнча кайрылгандарга кеңеш берүү, 16 жашка толгондорго документ берүү, жоготкондордун паспортун алмаштыруу сыяктуу милдеттери бар.

Даяр ID-карт же жалпы жарандык паспорт бир дарек боюнча жеткирилет. Мындан сырткары, жашаган жерине каттоо боюнча кызмат көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM