Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 627 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 15:36да болгон.

Жер титирөөнүн күчү Ак-Суу районунун Май-Саз айылында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM