Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Латын арибине өтүү 10 жылга кечиктирилиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 434 | 0

Казакстанда бардык иш кагаздарын кириллица арибинен латын арибине өткөрүү 2025-жылдан 2035-жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу  «Известия» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга чейин мамлекеттик документтер жаңы алфавитке ылайыкталып кайра иштелиши керек. Ошондой эле, 2021-жылга чейин паспорт сыяктуу негизги документтер латын арибине толугу менен өтүп бүтөрү маалымдалды.

Ошол эле учурда, айрым серепчилер латын арибине өтүү жашы улгайгандар үчүн оорчулук жаратарын, айрыкча, 65 жаштан өйдөкү жарандарды окутуу көп убакытты талап кыларын айтып келишет.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылы Өкмөткө кириллицадан латын арибине өтүү графигин даярдоону милдеттендирген. Мунун негизинде бул иштерди 2025-жылга чейин аяктоо тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM