Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин ишин кароо 21- августка жылдырылды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 632 | 0

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону 21-августка жылдырды.

Жогорку Соттун мындай чечимге келишине иштин көлөмү себеп болгон. Мындан улам, соттук отурумга төрагалык кылган судья иш менен таанышып чыгуу үчүн убакыт керек деген жүйө келтирген.

Иштин кайра каралышына орусиялык ишкер Леонид Маевский «ВТБ-24» банкындагы эсебинен 1 млн. долларды чыгарып албаганы тууралуу факты себеп болгон.

Анткени, буга чейин ал адегенде 300 миң доллар, андан кийин 700 миң долларды «Альфа Телекомдун» көзөмөл акциясын сатып алуу үчүн саясатчыга бергенин айтып келген болчу. Ошону менен бирге эле, учурда Орусияда үстүнөн оор кылмыш иши ачылган Леонид Маевскийдин жансакчысы Сергей Кутуков да 2010-жылы июлда Кыргызстанга келбегенин, эч кандай Текебаевге жолукпаганын көрсөтмөсүндө айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Жогорку Сот Текебаевдин буга чейин бул ишти карап, райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM