Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: Делимитация боюнча сүйлөшүү жүрдү

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 870 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Тажикстандын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган аймактарындагы сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча эки тараптын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар чек ара сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек аранын калган участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашкан.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым чек ара участокторун биргелешип жеринде текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында пландаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM