Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот бүгүн Текебаевдин ишин карайт

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 681 | 0

Бүгүн Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлардан улам саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин карайт. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.

Иштин кайра каралышына орусиялык ишкер Леонид Маевский «ВТБ-24» банкындагы эсебинен 1 млн. долларды чыгарып албаганы тууралуу факты себеп болгон.

Анткени, буга чейин ал адегенде 300 миң доллар, андан кийин 700 миң долларды «Альфа Телекомдун» көзөмөл акциясын сатып алуу үчүн саясатчыга бергенин айтып келген болчу. Ошону менен бирге эле, учурда Орусияда үстүнөн оор кылмыш иши ачылган Леонид Маевскийдин жансакчысы Сергей Кутуков да 2010-жылы июлда Кыргызстанга келбегенин, эч кандай Текебаевге жолукпаганын көрсөтмөсүндө айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Жогорку сот Текебаевдин буга чейин бул ишти карап, райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM