Биз менен байланышыңыз

ЕБ: «АКШ менен Иран келишимди сактап калса болот»

Бүгүн, 15-июлда Европа Биримдигинин өкүлдөрү Иран маселесин талкуулаганы чогулушту. Алар Иран менен АКШ өлкөлөрүндө болуп жаткан чыңалууну азайтуу аракетин кылышууда. Ошондой эле, алты державанын ортосунда түзүлгөн маанилүү келишимди сактап калууга АКШны көндүрүү жолдорун издешүүдө.

Өзөктүк келишимди сактап келген Британия, Франция жана Германия лидерлери кечээ, 14-июлда Иран менен АКШны ойлонууга, бири-бирине келтирген зыяндарга көңүл бурууга чакырды. Бул келишимди Кытай менен Орусия да сактап келет.

Кошумчалай кетсек, АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

Иран АКШны өзөктүк келишимди таануусун талап кылып, өткөн жумада уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67 % чектен ашырган.

Copyright © 2017 Maral FM