Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 710 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жагдайга байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайра бир жылга узартты. Бул тууралуу Ак үй маалымдады.

Мындан тышкары, АКШ Орусия, Түндүк Корея, Түркия жана Ирактын бир нече компаниясына каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

Орусияга каршы Украинага байланыштуу санкциялар Крымдагы жагдайдан улам киргизилген. Бул санкциялар 2014-жылы президент Барак Обама тарабынан салынган. Алгачкы санкция 2014-жылы 6-мартта киргизилген. Ошол күндөн бери жыл сайын бир жылга узартылып келет.

Ошондой эле, АКШ Ирандын өзөктүк кыймылын колдогондугунан улам 25-февралда Орусия, Түндүк Корея, Ирак жана Түркиянын бир катар компанияларына санкция жарыяланды.

Жаңы тизмеде жалпы 13 компания бар экендиги айтылган. Алардын бешөөсү Кытай менен Түркияда жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM