Биз менен байланышыңыз

Москва: Чоң суммадагы акча уурдады делген ишкер кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 1166 | 0

13-июлда, ишемби күнү Орусиянын борбору Москва шаарындагы Шереметьево аэропортунда «Новый поток» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу компаниянын 14-июлда тараткан маалыматында айтылат.

Төрагага кайсы берененин негизинде кылмыш иши козголгону так айтылган эмес. Дмитрий Мазуров Тюмендеги «Антипинск» мунай заводунун мурдагы ээси болгон.

«Коммерсант» басылмасынын маалыматына караганда, Мазуров «Сбербанктын», «Промсвязьбанктын» жана «Абсолют-банктын» жалпы суммасы 3 миллиард долларлык насыя каражаттарын уурдаган деп шектелүүдө.

«Forbes» басылмасынын жазганы боюнча, Тергөө комитетине жана прокуратурага арызды «Антипинск» заводунун юристтери жазышкан. Ошол эле кезде иш козгоо тууралуу демилге «Сбербанктан» чыкканы айтылууда.

«Новый поток» компаниясынын маалымат кызматы ишкер Мазуровго болгон мындай мамиле туура эместигин айтууда. 11-июлда өз эрки менен тергөө бөлүмүнө барып, тиешелүү суроолорго жооп бергенин кошумчалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM