Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЖМКлардын Борбор Азиялык 21-конференциясы өтөт

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 448 | 0

17-18 июлда Бишкек шаарында Борбор Азиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК)  XXI конференциясы өтөт.

Конференция санариптик трансформация шартында ЖМК эркиндигине жана медиа-плюрализмге арналат. Бул тууралуу конференциянын уюштуруучусу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги бөлүмү билдирди.

Иш-чара эки күнгө созулат. Анда Өкмөттүн өкүлдөрү менен кошо Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Монголиянын журналисттер ассоциациялары, жарандык коомдун, ЖМК өкүлдөрү, жалпысынан 100дөй өкүл катышат.

«Катышуучулар эл аралык серепчилер менен бирге медиа-технология жаатындагы пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар боюнча бир катар маселелерди талкуулашат. Негизинен жалпы улуттук деңгээлде жана ЕККУнун бардык аймагында ачык жана коопсуз Интернет түзүү үчүн шарттар, ЖМКлардын аймактагы азчылык үчүн кызмат кылуусу жана өз алдынча жөнгө салуу ыкмаларына ыктоо, ошондой эле, аймактарда ЖМКларды өнүктүрүү сыяктуу маселелер талкууланат», — дейт билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM