Connect with us

Премьер-министр Балыкчыдагы айланма жолдун курулушун бүткөрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 750 | 0

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушун бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал айланма жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатып айтканын Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Абылгазиев курулуш иштери жүрүп жаткан тилкелерди көрүп чыгып, жалданма уюмдар жана жергиликтүү жашоочулар менен маектешти.

Өлкөнүн транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, учурда Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык, Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды куруу, коммуникацияларды орнотуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн коюп өтүү жүрүүдө.

Анын айтымында, айланма жолдун курулушуна 500 млн сом керектелет, бул каражат Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоо болжолдуу долбоорунда каралган эмес.

Министр белгилегендей, унаа жолун реконструкциялоонун баасы баштапкы пландагы 6 млрд 803 млн сомдон 8 млрд 785 млн сомго чейин көбөйгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев унаа жолун реконструкциялоо долбоорунда бул сыяктуу сарптоолор эске алынбаса да, айланма жолдун курулушуна зарыл каражаттар табыларын баса белгиледи.

«Бул маанилүү жолдун реконструкциясы тийиштүү эсептөөлөрсүз жана каржы булактары бекитилген долбоорсуз башталган. Мындай чечимдин кесепети бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бюджетине оор жүк болуп жатат. Бирок Өкмөт аталган жолдун курулушун быйылкы жылы аяктоо үчүн зарыл каражаттарды табат», — деди Өкмөт башчысы.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле, жергиликтүү жашоочуларга чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчы бардык курулуш иштерин белгиленген планга ылайык сапаттуу аяктоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM