Биз менен байланышыңыз

20-июлга чейин Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 507 | 0

Биринчи май райондук соту Бишкекте 20-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан кабарлашты.

Мындай чечим 17-июлда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун расмий визити менен келишине байланыштуу кабыл алынган.

Соттун чечиминде учурда шаар көчөлөрүндө конокторду тосуп алууга даярдык иштери, тартипке келтирүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылган.

Ошондой эле делегациянын мүчөлөрү көп санда экендиги, коноктордун коопсуздугу камсыздалышы үчүн ушундай чечим чыкканы да жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM