Биз менен байланышыңыз

Абдыраимов: «EREM» быйыл Азияда алдыңкы төрттүккө кирүүгө умтулуп жатабыз

Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2019 | 1422 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону Оштун «EREM» клубу 7-17-августта Таиланддын Бангкок шаарында өтүүчү Азиянын клубдар аралык чемпионатына кызуу даярдык көрүүдө. Данияр Абдыраимов башында турган команда ушуну менен Азия чөлкөмүндөгү беделдүү делген мелдешке үчүнчү ирет катышат. Кыргызстандын чемпиону «А» тайпада «Thai Port FC» (Таиланд), «Shenzhen» (Кытай) жана «Star FS Seoul» (Корея) командалары менен күч сынашат.

Биз ушул теманын тегерегинде команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов менен маектештик.

— Данияр мырза, Азиянын клубдар арасындагы чемпионатында чүчкулак тартылып, атаандаштар аныкталган. «А» тайпасына түшкөн «EREM» командасы бир айдан бери даярданып жатасыңар. Тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү кандай? 

 — Чүчүкулактын (жеребьевка) жыйынтыгы жалпысынан канаттандыраарлык деп эсептейм. Мындан да оор тайпа болушу мүмкүн эле. Быйыл тайпадагы биздин 3 атаандашыбыз да өз өлкөлөрүнүн жаңы чемпиондору. Кореядан жылда жаңы команда чемпион болот. Ошондуктан, «Star FS Seoul» командасынын деңгээли тууралуу айтуу кыйын. Кытайдын Shenzhen клубу тууралуу көп сөз айтса болот. Бул команда менен бразилиялык машыктыруучу иштейт. Курамында бразилиялык легионер жана Иран командасынын улуттук курамынын капитаны, Азиянын мыкты оюнчусу Аскар Хасанзаде ойнойт. Акыркы 3-4 жылда Кытайдын футзал чемпионаты жакшы өнүгүүдө. Өлкөнүн футбол федерациясы футзалга жакшы шарттарды түзүп, көңүл бурууда. Таиланддын «Thai Port FC» командасы — чемпионаттын кожоюну. Өткөн жылы биз бир тайпада Таиланддын «CHONGBURI BLUE WAVE» клубу менен ойноп, ири эсеп менен жеңилгенбиз. Бул жылы «Thai Port FC» клубу «CHONGBURI BLUE WAVE» командасын жеңип чемпион болгон. Демек, алар — күчтүү команда. Чемпионатка катышып жаткан командалардын көпчүлүгүндө европалык жана латын америкалык машыктыруучулар эмгектенет. Ошондуктан, оңой олжо жок.

— «EREM» 2 жыл удаасы менен Азиянын клубдар аралык чемпионатына катышып, төртүнчү баскычтан экинчи баскычка көтөрүлө алган. Өткөн жылы чейрек финалга чейин жетип, Азиядагы 8 күчтүү команданын катарын толуктады. Бул жылы былтыркыдан жакшы көрсөткүч болот деп ишене алабызбы?

 — Биз бул мелдешке ушуну менен үчүнчү ирет катышып жатабыз. Былтыр чейрек финалга чыгып, мелдештин фаворити болгон Ирандын «Mes Sungun Varzaghan» командасына жеңилгенбиз. Ал команда былтыр мелдештин чемпиону болгон. Деген менен, футзалчыларыбыз жыл сайын такшалууда. Эл аралык мелдештерге катышып, аз-аздан тажрыйба топтоп жатышат. Ошондуктан быйыл негизги максат, Азия чемпионатында мыкты төрттүккө кирүү болуп турат.

— Азия чемпионатына даярдык башталганы маалым. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн аттанган команда кандай даярданып жатат?

 — Даярдык төрт баскыч менен жүрөт. Окуу-машыгуу өткөрдүк. Анын жыйынтыгын текшерүү максатында Тажикстандын вице-чемпиону «Сипар» командасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрдүк. Биринчисинде 5:5 тең чыгып, экинчисинде 5:6 эсебинде утуп алдык. Экинчи этапта футболчулардын физикалык абалын чыңдоого басым жасалып, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу өткөрдүк. Кийинки этаптарда техникалык-тактикалык даярдыктарды арттыруу каралат. Ошондой эле, мелдеш алдындагы жолдоштук беттештер, сыноо оюндары өтөт.

— Команданын курамында жаңылануу болгонун угуп калдым… Профессионалдык карьерасын жыйынтыктап, машыктыруучулукка өткөн Азамат Меңдибаев «EREM» клубуна алынганы боюнча маалымат бар. Айтайын дегеним, 35 жаштагы спортчу командага канчалык пайда алып келе алат?

 — Ооба. Ал бир жылдык келишим менен биздин клубга ойнойт. Карьерасынын аягында анын өз потенциалын толук пайдалануусуна мүмкүнчүлүк болуп жатат. Азамат Меңдибаев — мыкты оюнчу. Убагында биз аны менен Кыргызстандын улуттук курамасында чогуу ойногонбуз. Андыктан, тажрыйбасы мол футзалчы катары ишеничти актайт деп үмүттөнөм. Командабызга мындан тышкары, Байгазы уулу Улан, Сагын Акимбаев кошулду.

— «EREMге» легионерлер көбүнчө Ирандан келет. Мында бир кезде Иран чемпионатында ойноп калганыңдын да таасири барбы? Селекционерлер футболчуну кандай сапаттарына карап тандашат?

— Иранда эки жыл футзал ойногом. Фарсы тилин билгеним да иран футболчуларынын келишине себептердин бири. Бразилия алыс, оюнчуларды тартууга тил маселеси көйгөй жаратат. Орусиядан чакырсаң, мыкты футзалчылар келбейт. Япония, Таиланд өлкөлөрү менен агент катары иштешкен эмеспиз. Анан Иранга токтолобуз да. Иран дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунда турат. Азияда деңгээли жогору . Бизди канааттандырат. Жыл сайын өзүбүздүн оюн ыкмаларыбызга төп келген оюнчулар алынат. Оюнчулардын тандоо ыкма боюнча айтсам, физикалык, техникалык, командалык оюнга жөндөмү жогору оюнчуларга басым жасалат. Командада позиция деп коёт, кайсыл орун алсыз болсо ошол жайга, сол, оң бут менен ойноочу футзалчылар тандалат.

— «EREM» командасынын президенти Райымбек Матраимов экени баарыбызга маалым. Дегеним, жетиштүү маяна төлөгөнү үчүн Ирандын күчтүү футзалчылары келип жатабы деген да ойлор бар?..

— Көп деле акча төлөнбөйт. Маянанын өлчөмү оюнчуну да, клубдун жетекчилигин да канааттандырган учурда келишим түзүлөт.

— Ал киши трансфердик аракеттерди, команданын кадамдарын көзөмөлдөйбү?..

— Эми Райымбек Исмаилович футзал эле эмес, көптөгөн спорттун түрлөрүнө демөөрчүлүк кылып, өлкөдө спорттун өсүшүнө салым кошуп келе жатат. Муну спортко кызыккан көпчүлүк билет. Футзал боюнча айта турган болсом, команданын жетекчилиги машыктыруучулук кызматты ишенип беришкен. Футзалга бардык шарттар түзүлгөн. Сунуштар, бардык пландар алдын ала макулдашылат. Анан натыйжа талап кылынат. Биз «EREM» футзал командасы быйыл үчүнчү ирет өлкө чемпионатын жеңип алдык.

 — Быйыл да футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасында чемпион болдуңар. Спортто чемпион болуу кыйын, чемпион бойдон калуу же титулду коргоо андан да кыйын эмеспи? Үчүнчү жолку чемпион болуу оңойго турбаса керек?..

— Чемпион болгондон да, чемпион бойдон калган өтө кыйын деген туура. Биринчи жолу чемпион болгон жылга караганда, кийинки жылдардагы чемпиондукту камсыздоо оор болду. Быйыл финалда толук атаандаштык болгон жок деп айтаар элем…

— Ушул жерден бир суроо бергим келип турат… Быйылкы финалда Бишкектин «Алга-Дордой» клубу менен кез келдиңер. Кайсыл бир маалымат каражатына берген маегиңде «Футзалдын деңгээли өссүн десек, оюнда мушташпаш керек», — деп айткан элең. Быйыл финалдык беттештер сериясы бир топ чырдашуулар менен коштолду. Беттеш аягына чыкпай калып, оюн такыр эле болбой калган көрүнүштөр орун алды. Алдын ала билдиңби, же айткан сөз менен окуя дал келип калдыбы?

— Чынында быйыл футзалда кызык көрүнүш болду. Команда финалдык беттешке чыкпай койгон көрүнүш Кыргызстандын футзал тарыхында алгачкы жолу болду көрүнөт. Финалдык сериянын алгачкы эки беттешинде биз уткан болчубуз. Эрежеге ылайык, финалдык беттеш үч жеңишке чейин уланат. Атаандаш команда үчүнчү оюнга чыкпай койду. Анын себебин мен билбейм. Футбол федерациясы техникалык жеңилүү катары санады. Муну менен расмий эсеп 3:0 деп чечилип, биз Суперлиганын жеңүүчүсү болуп, чемпиондук наамды экинчи ирет коргоп калдык. Эми оюн учурундагы мушташтар, майда-барат чырлар тууралуу айта турган болсок, чечүүчү оюндар сөзсүз түрдө зор жоопкерчилик, жогорку чыңалуу менен өтөт. Оюнчулар жеңиш үчүн болгон күчүн жумшайт. Эмоция, кызуу кандуулукка алдыруу, же болбосо, сабырдуулук, токтоолук, деги койчу, адамзаттагы сапаттардын баары ушундай учурда чыгат, сыналат. Эми мындай учурлар оюнда анча-мынча болуп турчу көрүнүш. Аны чоң чырга, кастыкка айландырбаш керек.

— «Алга-Дордой» Оштогу беттештерде бир катар шарттарга, анын ичинде оюнчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине, оюн жайдын стандартка жооп бербегенине нааразычылык айтып чыгышпадыбы?..

— Эми футзалда өз талаасында, конокто ойноо керек деген эреже бар. Мен жалпысынан оюнчу, машыктыруучу катары Кыргызстандын футзал тармагында 20 жылдан бери аралашып жүрөм. Буга чейин чемпионат керек болсо, бир эле залда өтүп жүргөн. Бишкекте «Газпром» комплекси курулганга чейин бул маселе жок болчу. Федерация уруксат бергени үчүн Оштогу «Шавкат» спорт талаасында оюн болуп жатат. Өткөн жылдары Кызыл-Кыядагы «Газпромдун» залында ойноп келгенбиз. «Алга-Дордой» командасы мурда «Эмгек» деп аталган. 2015-жылы Ош шаарындагы балдардын спорт мектебинин залында, биз ойногон «Шавкат» тар залда да чемпион болгон. Ошондо шарттар, стандарттар тууралуу маселе айтылган эмес. Эми эле мындай көйгөйлөр айтылып жатат. Негизи командалар оюн талаасы боюнча шылтоо айтпай, оюн көрсөтүшү керек. Мен ал маселеге баш оорутпайм. Менин негизги милдетим, оюнчуларды, команданы беттешке даярдайм, ар бир оюнда жеңишти камсыздаганга аракет кылам.

— Ойнобой, атаандаш оюнга чыкпай чемпион болгондо «Чемпион болдум!» деп төш кагып мактана албай калат эмеспи? Ушул боюнча кандай комментарий айтасың?

— Эми аларды «Оюнга чыкпагыла», — деп биз мажбурлаган жокпуз. Биз беттешке өз убагында келдик. Талап кылынган убакытты күттүк, атаандаш келген жок. Финалдык беттеште жеңиш жеңил болгону менен сүйүнүчүбүз канааттандырарлык болбой калды десем болот. Буюрса эл аралык мелдеште ийгилик жаратып, аягына чыкпай калган сүйүнүчтөрдүн ордун толтурабыз деген үмүт бар.

Copyright © 2017 Maral FM