Биз менен байланышыңыз

“EREM” футзал боюнча Улан-Удэ мелдешинин финалына чыкты (видео)

Кыска кабар , Спорт | 7 Янв 2020 | 587 | 0

Кыргызстандын чемпиону “EREM” клубу Орусиянын Бурятия Республикасындагы “Футзал боюнча XIV эл аралык Улан-Удэ шаарынын Кубогу” мелдешинин финалына чыкты. Бүгүн жарым финалда кыргызстандык команда “Иркутск” клубун 8:3 эсебинде утуп алды.

Беттештин биринчи бөлүгү 1:1 менен аяктады. Экинчи таймда Кыргызстандын чемпиону эң аз дегенде 2 гол, айрым учурда 4 гол айрыма менен атаандаштан алдыда баратты. “EREMдин” дарбазачысы Бекболот Акматалиев бир гол киргизип, бир голдук топ чыгарып берди.

Беттеш айыгышкан таймашта өткөнүн команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов “Маралга” билдирди.

Биздин команда финалга чыкты. Мыкты атаандаш менен мыкты оюн өткөрдүк. Эки команда полянын ар бир сантиметр жери үчүн да тартышты. Иркутск физикалык жактан бизге басымдуулук кылды. Алардын узун бойлуу оюнчулары жекеме-жеке топ талашууларда ачык күчтүүлүк кылып жатты. Биз так жана жыйнактуу оюн көрсөттүк. Футзалчыларыбыз ар бир оюн сайын күчтөнүп жатышат, — деди Данияр Абдыраимов

“EREM” эртең мелдештин финалында ойнойт. Оштук команданын атаандашы “КПРФ-2 – “Байкалавтотрак” жубунун жеңүүчүсү болмокчу.

Улан-Удэ шаарында 4-январдан бери өтүп жаткан мелдеште кыргызстандык команда кечээ чейрек финалда “Гранд Байкал” клубун 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алгын болчу.


“EREM” футзал клубу Орусиядагы эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты (видео)


“EREM” 4-тайпада Бурятия Республикасынын “КПРФ РБ”, Монголиянын “ДЕРЕН” клубдары менен ойноп плей-офф баскычына чыккан.

Белгилей кетели, “Футзал боюнча XIV эл аралык Улан-Удэ шаарынын Кубогу” аталышындагы бул мелдеш Орусиянын Коммунисттер партиясынын демилгеси менен жыл сайын өтөт.

Эске салсак, Данияр Абдыраимовдун командасы бул эл аралык мелдешке өткөн жылы да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM