Биз менен байланышыңыз

“EREM” футзал боюнча Бурятиядагы эл аралык мелдеште экинчи орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 8 Янв 2020 | 525 | 0

Кыргызстандын “EREM” клубу Орусиянын Бурятия Республикасындагы “Футзал боюнча эл аралык XIV Улан-Удэ шаарынын Кубогу” мелдешинде байгелүү экинчи орунду ээледи. Алтын байге үчүн финалдык беттеште Оштун командасы Москвалык “КПРФ-2 клубу менен кез келип, 2:5 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Улан-Удэ шаарында 4-январдан бери өтүп жаткан мелдеште кыргызстандык команда кечээ жарым финалда “Иркутск командасын уткан. Чейрек финалда “Гранд Байкал” клубун 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алгын болчу.

“EREM” 4-тайпада Бурятия Республикасынын “КПРФ РБ”, Монголиянын “ДЕРЕН” клубдары менен ойноп плей-офф баскычына чыккан.

Белгилей кетели, “Футзал боюнча эл аралык XIV Улан-Удэ шаарынын Кубогу” мелдеши Орусиянын Коммунисттер партиясынын демилгеси менен жыл сайын өтөт.

Эске салсак, Данияр Абдыраимовдун командасы бул эл аралык мелдешке өткөн жылы да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM