Биз менен байланышыңыз

“EREM” футзал клубу Орусиядагы эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты (видео)

Кыска кабар , Спорт | 7 Янв 2020 | 549 | 0

Футзалдан Кыргызстандын чемпиону «EREM» клубу бүгүн Орусиянын Бурятия Республикасындагы эл аралык мелдештин жарым финалында ойнойт. Кыргызстандык команданын атаандашы «Иркутск» клубу болмокчу.

Улан-Удэ шаарында 4-январдан бери өтүп жаткан мелдеште кыргызстандык команда кечээ чейрек финалда «Гранд Байкал» клубун 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Жеңүүчүлөрдүн голдорунун бирин дарбазачы Бекболот Акматалиев киргизген.

«EREM» мелдеште ар бир оюн сайын күчтөнүп жатканын команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов «Маралга» билдирди.

— Биздин команда жарым финалга чыкты. Биз бул эл аралык мелдеште конок команда. Ошого карабастан ар бир оюн сайын балдар (футзалчылар) күчтөнүп жатышат. Бүгүн бизди «Иркутск» клубу менен оор беттеш күтүп турат. Канткен күндө да  атаандаш жергиликтүү команда. Оруста айтып коюшат эмеспи, “өз үйүңдө дубал да жардам берет” деп. Анын сыңары аларда айрым жагдайлар боюнча артыкчылыгы бар. Бирок биз мелдешке өз күчүбүздү сынаганы келгенбиз. Балдар, оюнчуларыбыз акыркы күчү калганга чейин ойногонго даяр, — деди Данияр Абдыраимов

Белгилей кетели, “Футзал боюнча XIV эл аралык Улан-Удэ шаарынын Кубогу” аталышындагы бул мелдеш Орусиянын Коммунисттер партиясынын демилгеси менен жыл сайын өтөт. “EREM” 4-тайпада Бурятия Республикасынын “КПРФ РБ”, Монголиянын “ДЕРЕН” клубдары менен ойноп плей-офф баскычына чыккан.

Эске сала кетсек, Данияр Абдыраимовдун командасы бул эл аралык мелдешке өткөн жылы да катышкан.

Видеообзор игры Гранд-Байкал — EREM (4:2). 06.01.2020 г.

Опубликовано FC Erem Понедельник, 6 января 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM