Биз менен байланышыңыз

Индиянын Ассам штатындагы 145 кыштак суу астында калды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 560 | 0

Индияда суу ташкынынан 63 миң адам жапа чекти. 145 кыштак суу алдында калган Ассам штаты өзгөчө жабыркады. Бул тууралуу kratko-news.com маалымат булагы жазды.

Бийлик өлүм-житимдер боюнча расмий маалымат айта элек. Деген менен дайынсыз жоголгондор көп болуп жатканы кабарланууда.

Кырсыктын кучагында калган 200 миңдей адамды куткаруу үчүн өлкө бийлиги ири масштабдагы операция баштады.

Copyright © 2017 Maral FM