Биз менен байланышыңыз

Депутат инвестор катары агенттикти сынап көргөн

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июл 2019 | 1498 | 0

Кыргызстанда тиешелүү органдар инвесторлор менен жакшы сүйлөшө албайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Анын айтымында, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине инвестордун кейпинде барып, эксперимент жасаган. Тилекке каршы, эшигинен кирүү да кыйынга турганын, кимге жана эмне себеп менен келгени такталып, араң киргенин эскерди.

— Киргенден кийин да мени бирөө инвестор катары тосуп алган да, долбоорлору жөнүндө маалымат да берген жок. Кийин директордун иш бөлмөсүнө бардым. «Ал ордунда жок» деген жоопту алдым. Акыры чыдабай, «Мага бирөө жарым долбоорлорду сунуштайбы?» — дедим. Кийин бир жабык бөлмөгө алып киришти. «Кайсы долбоорлор бар?» — деп сурасам, кайра менден: «Сиз кайсы долбоор менен келдиңиз?» — деп сурашты. Тоо-кен боюнча келгенимди айттым. «Ал боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине барышыңыз керек», — дешти.

Бул боюнча кийин өкмөттүн отчётунда Мухаммедкалый Абылгазиевге ошондо тартылган сүрөттөргө чейин бергенин айтты. Учурда дүйнөдө инвесторду тартууда жарыш жүрүп жатканын эске салып, бул маселени жолго коюу керектигин белгиледи.

-Ар бир киши келгенде биринчи таанышын издейт. Атайын механизм жок. Министрди, чиновникти издейт, депутатка барат. Ал премьер-министрге эрчитип барат. Бардык нерсе премьер-министрге барып такалат. Андай болбошу керек. Өкмөт башчы буга шарт түзүп берип, бир вице-премьер-министрди байлашы керек. Экономика жана инвестиция министрлигин түзүп койсо, инвесторлор менен ошол киши түздөн түз иштеп, жоопкерчиликти алганда жылыш болмок,-деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM