Биз менен байланышыңыз

Трампты сындаган Улуу Британиянын АКШдагы элчиси отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 567 | 0

Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Ким Дэррок АКШ президенти Дональд Трампты сындаган катынан улам жаралган ызы-чуунун айынан отставкага кетүүгө аргасыз болду. Ага чейин АКШ президенти мындан ары элчи менен иштешпей турганын айткан болчу.

«Элчиликтеги маалымат таркап кеткен соң, ээлеген кызматымдын айланасында ар кандай чагымчыл ушак сөздөр күч алды. Аларга чек коюуну чечтим. Мындай абалда мен жумушумду так, купулума толгондой деңгээлде аткара албайм,» — деди Дэррок.

Ким Дэррок элчилик мөөнөтү ушул жылдын аягында бүтөрүн, ошондой болсо да, бийликке кызматташуу үчүн АКШга жаңы элчи дайындоосуна мүмкүндүк түзгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Дэрроктун Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Саймон Макдональдга жазган каты коомчулукка тарап кеткен. Анда элчи Трампты «аша чапкан» жана «колунан эч нерсе келбеген» деп атап, Америка лидеринин мансабы келеке менен аякташы мүмкүн экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM