Биз менен байланышыңыз

Украинада өткөн сүрөт көргөзмөсүнүн жеңүүчүлөрү Кыргызстанга келишти

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 413 | 0

Украинада өткөрүлгөн «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын барактары менен» аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн жеңүүчүлөрү аталган өлкөнүн Өспүрүмдөр улуттук китепканасынын мүдүрү А.Гордиенконун коштоосунда Кыргызстанга учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүрөт боюнча мелдеш Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин демилгеси менен Украинанын Өспүрүмдөр улуттук китепканасы жана Украинанын Маданият министрлигинин колдоосу астында өткөрүлгөн. Ага Украинанын бардык аймагынан 4000 жаш сүрөтчү катышып, анын ичинен 151 иш тандалып, жеңүүчүлөр аныкталган.

Жаш сүрөтчүлөр саякаттын алкагында Бишкек шаарын кыдырышат. Андан тышкары, Ысык-Көлгө барып эс алышып, кыргыз элинин көөнөргүс каада-салты менен таанышышат.

Copyright © 2017 Maral FM