Биз менен байланышыңыз

Nestlé корпорациясы Кыргызстандын мөмө-жемишин сатып алат

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 1044 | 0

«Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев дүйнөлүк масштабда тамак-аш жана косметика саткан Nestlé корпорациясы менен кызматташат.

Ал аталган мекеменин өкүлчүлүгү менен болгон жолугушуу ийгиликтүү өткөнүн, алар Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Токтогазиевдин айтымында, ал Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган презентация жасаган. Мунун натыйжасында корпорация Кыргызстандан жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, жаңгактарды алуу боюнча макулдугун билдирген.

«Алар кайра иштетилип, кургатылган түрдөгү сырьену сатып алууга, бул багыттагы долбоорлорго инвестиция салууга даяр. Nestlé менен кызматташууну каалагандарды биздин Кыргызстандын агрардык ассоциациялары жана өндүрүүчүлөрү Альянсына кирүүгө чакырам. Биз глобалдуу рынокко кирүү үчүн ирилешүүбүз зарыл! Ошондуктан, Кыргызстандын фермерлери жана кайра иштетүү өндүрүшчүлөрү, бириккиле!», — деген чакырык таштады.

Copyright © 2017 Maral FM