Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорк соту Трампка эскертүү берди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 507 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын Twitterдеги жеке аккаунтунда сындагандарды блоктоп салганга укугу жок. Мындай чечим 9-июлда Нью-Йорктун Федералдык-апелляциялык соту тарабынан кабыл алынганын «Фортуна» басылмасы жазды.

Сот маалымдагандай, Трамп сындаган колдонуучуларын блоктоо аркылуу сөз эркиндигине кепилдик берген АКШ башмыйзамын бузган болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, бийлик кызматкерлери социалдык тармактарын расмий максатта колдонгон учурда онлайн-диалог түзүү үчүн анын позициясына каршы чыккан адамдардын пикирине да орун берилүүсү кажет.

Белгилей кетсек, Дональд Трамптын Twitterдеги аккаунтунда 60 миллиондон ашык катталуучу бар.

Copyright © 2017 Maral FM