Биз менен байланышыңыз

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага мектеп куруу башталды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 948 | 0

Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен 799,3 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Президентик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Акча бөлүнө турчу мектептер төмөнкүлөр:

Бишкек шаарындагы № 12-мектеп-гимназия, № 69-комплекс-гимназия, № 54-орто мектеп, № 18 орто мектеп, № 59 орто мектеп, № 72 мектеп-гимназия, № 16-орто мектеп;

Чүй облусундагы Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы орто мектеп, Төмөнкү-Ала-Арча орто мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы орто мектеп, Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы орто мектеп;

Ош шаарындагы № 7 Нариман мектеп-гимназиясы;

Белгилей кетсек, июль айынан тартып, мамлекетке караштуу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо маселеси көтөрүлгөн. Буга ылайык, алгачкы которуу 15 млн сомду түзөрү айтылган.

Финансы министрлиги каржыны Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жана жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмө боюнча берет. Каражаттар мекемелер аралык комиссиянын анализи аркылуу аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Алдыда бул каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталары мерчемделүүдө.

Эске салсак, Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнь айында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM