Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардан» түшкөн каражатка Тез жардам унаалары алынат

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 410 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айып пулдун бир бөлүгү Тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алып, Өкмөт медициналык Тез жардам унааларын сатып алуу мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе деп чечкен.

Буга байланышкан чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында өндүрүлгөн каражаттарды пайдалануу боюнча токтом өзгөрдү.

«Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчалар бөлүштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 %ы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык Тез жардам унааларын алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат», — деп айтылат Өкмөттүн билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM