Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 2 тез жардам унаасы алынып келинди

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 575 | 0

Кыргызстанга эки тез жардам унаасы алынып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, тез жардам унаалары ӨКМ менен Сеулдун Өрткө каршы кызматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында алынып келинди.

Техникалар Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жардамы менен жеткирилген.

2020-жылдын аягына чейин эки өрт өчүрүүчү унаа алуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM