Биз менен байланышыңыз

Трамп Улуу Британиянын АКШдагы элчисине бойкот жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 565 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Ким Дэрроктун Телеграмм аркылуу тараткан маалыматына жооп кайтарды. Анда элчи Америка лидерин «ыйгарым укугунан аша чапкандыгын» айтып сындаган.

«Мен элчини тааныбайм, бирок АКШда аны жактырышпайт, ал тууралуу бирөөндө да жакшы пикир жок. Биз аны менен мындан ары иштешпейбиз», — деп жазды Трамп Твиттердеги жеке баракчасында.

Буга чейин британиялык «Daily Mail» гезити Улуу Британиянын АКШдагы элчиси Ким Дэрроктун Телеграммдагы билдирүүсү тууралуу маалымдаган. Анда элчи Трампты «аша чапкан» жана «колунан эч нерсе келбеген» деп атап, Америка лидеринин мансабы келеке менен аякташы мүмкүн экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM