Connect with us

«Жылына 5 млн көчөт өндүрүлбөсө, багбанчылык өнүкпөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июл 2019 | 1054 | 0

Кыргызстан жылына 5 млн көчөт өндүрбөсө, багбанчылык өнүкпөйт. Бул тууралуу Борбор Азия багбандар ассоциациясынын негиздөөчүсү Абдулла Капаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, багбандардын биринчи көйгөйү маалыматтын жана тийиштүү адистердин жетишсиздигинде. Багбанчылык багытындагы иштер бир программага түшкөн эмес. Маалымат берүүчү булактар жок. Анын айынан багбандар эмне өстүрүп, кандай сортторду тандоо керектигин билбей кыйналып жатышат. Мындан улам айыл чарба азыктары жакшы сатылбай келет.

«Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев менен сүйлөшүп, жакшы диалог болуп жатат. Ага көчөт маселесин айттык, чечүү жолун издеп жатабыз», — дейт Капаров.

Маалыматка ылайык, Борбор Азия багбандар ассоциациясы Телеграм каналы аркылуу багбандарга маалыматтык колдоо көрсөтүп, акысыз кеңеш берет. Тайпага 0550200007 номуру аркылуу кошулууга болот.

«Тайпалардын баарын кошкондо Орто Азия боюнча 30 миңдей мүчө бар. Анда Өзбекстан менен Кыргызстандын багбандары басымдуулук кылат. Айыл чарба азыктарынын жакшы сортторун айтып, калкка кеңеш берип жатабыз. Алманын 3 түрүнө басым жасоого аракет кылынууда», — дейт Капаров.

 

Copyright © 2017 Maral FM