Биз менен байланышыңыз

400 га жерди бакка айлантууну самаган аксайлыктар

Коом | 22 Сен 2020 | 812 | 0

Кыргызстандын социалдык-экономикалык маселелеринин бири болгон чек ара көйгөйү. Анда айрыкча Баткен облусундагы коңшу мамлекеттерге чектеш жашаган айыл тургундары менен өзбек, тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып келет. Бул маселени активист жарандар көтөрүп, ар кандай долбоорлорду сунуштап келишет.

Ыктыярчылардын кезектеги көтөргөн маселеси – Ак-Сай айылына бак тигүү. Анда демилгени көтөргөн Бекназар Асилбек уулу чек арада жашаган аксайлыктарды жумуш менен камсыздап, аларга пайда алып келүүчү бак тигүүнү көздөйт. Ал үчүн Асилбек уулу ар бир кайдыгер эмес жаран кеминде бир көчөт алып берүүсү керектигин айтат.

Аталган маселеде айыл тургундарынын жашоо шартын биринчи кезекке коюу керектиги белгиленет. Анткени, аксайлыктардын турмушу оор жана алардын көпчүлүгү эмгек миграциясында, айылынан алыста жүрөт. Эгерде долбоор ишке ашса, айылдыктар үчүн багбанчылык кылып, андан киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мерчемделген жер кайракы болгондуктан, ага атайын тамчылатуу жолу менен сугара турган система курулуп, ал жерге өрүк тигүүгө ыңгайлуу. Эгинге жараган жердин жалпы аянты 400 гектарды түзөт.

Өрүктөр өсөт. Таштак деп айтканга болбойт, таш аралашкан кайракы жер да. Аларды тамчылатуу жолу менен сугарууга ыңгайлуу, эффективдүү болот. Бирок арык чыккан жерлеринде эгин эккендер деле бар экен. Эгер каражатты чогултуп алсак, өзүбүздүн эле багбандардан алалы деп жатабыз. Анткени, бул жердин өрүктөрү климатка ылайыктуу да, шамалга, ысыкка туруктуу. Ошону эгип, суусун чыгаргандан кийин «мына, ушул көчөттөрдү өстүрүп алыңыз» деп ошол аксайлыктардын ар бирине тапшырышыбыз керек, — дейт Бекназар.

Асилбек уулу «Маралга» берген маегинде аксайлыктарды, көкташтыктарды жана башка чек арага чектеш айылдарда жашаган жарандарды “тирүү тосмо” катары баалап, аларга өзгөчө мамиле кылып, колдон келген жардам көрсөтүү керек экендигин кошумчалады. Аны менен бирге, кыргызстандыктарды бул демилгеге кайдыгер карабай, колдоп берүүсүн суранды:

Ашыкча ысырапкорчулуктан арылалы. Биз Кыргызстандын жаштарына, мекендин көйгөйлүү жактарына, чек ара маселесине кайдыгер карабаган жарандарга, ишкер агаларга кайрылат элек. Биз Ак-Сай элине ушул жактан көмөк көрсөтүп, бак тигип берели, —  деп кошумчалады Асилбек уулу.

Ал бул аркылуу чек арада жашаган жарандардын ал жерлерден көчүп кетүүсүнүн алдын алып, ички жана тышкы миграцияны бир азга болсо да жойгусу келерин, алар үчүн кошумча киреше табуучу булак катары ачып берүүнү көздөй турганын дагы айтты.

Ал эми багбан Манас Саматов бул маселе өтө орчундуу экенин, ошону менен бирге орундуу демилге боло турганын айтат. Ал бул маселени өкмөт колго алып, көмөк көрсөтүп турушу керектигин билдирди.

Бекназардын көтөргөн маселеси өтө орчундуу. Ак-Сай айылынын тургундарына киреше булагы табылып атат. Элдер өздөрү дагы ойлонуп, бышып жетилиптир. Эгерде бак тигүү керек болсо, аны үй салып атканда долбоорун чийгендей эле, муну дагы чийип, канча көчөт кетерин, канча суу кетерин эсептеп чыгышыбыз керек. Кандай көчөт тиксе жакшы болот, айтор ушул эле маселе калып, калганы бүткөн болсо, биз жардам бергенге даярбыз, — дейт Саматов.

Ал эми бул демилгени өкмөттүк деңгээлде колдоого алуу боюнча Ак-Сай айыл  өкмөтү жооп берип, алардын долбоорунда аталган 400 гектар аянттагы жерге сугат суусун тартып чыгаруу каралган. Бул иш өкмөттүн тапшырмасынын негизинде 70 пайыз аткарылды.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Анаров билдиргендей, байылкы жылга коюлган пландар дээрлик аткарылып бүттү. Кайракы жерге сугат суусун чыгарып, жашылдандыруу иши кийинки жылдын жазында улантылат.

Негизи көрктөндүрүү боюнча ишти шартыбызга, каражатыбызга карап эле жасай беребиз. Бизге «мынчаны аткарасыңар» деген тапшырма болгон эмес. Бирок антсе да жаңы насос курулуп жатат, иштин 70 % бүтүп калды, буйруса кийинки жылга көрктөндүрүү иштерин баштоо планыбызда бар, — дейт айыл өкмөт башчысы.

Анаров жаштар демилгелеп жаткан ишти айыл өкмөт колдоого аларын жана бак тигилгенден кийин, аянттар айыл тургундарына бөлүнүп берилерин дагы кошумчалады.

Баткен облусунда чек арага чектеш айылдардын тургундары коңшу мамлекеттердин жарандары жана аскерлери менен ар түрдүү себептерден улам жаңжалдарга кабылып келишет. Мунун себеби катары көбүнчө такталбаган жерлер жана тосмо жоктугунан болгону айтылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM