Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путинге жолугушууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 911 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге Беларусиянын борбору Минск шаарында жолугушууну сунуштады. Мындай кайрылууну ал Фейсбуктагы жеке баракчасына жүктөдү.

«Орусиянын президентине кайрылгым келет. Сүйлөшүш керекпи, сүйлөшөлү. Крым кимдики экенин, Донбасс каякка тиешелүү экенин талкуулайлы», — деди Украина президенти.

Ошондой эле, Беларусия президенти Александр Лукашенко өзүнүн борбор шаарында кубануу менен кабыл аларын кошумчалаган.

Ал эми Кремль бул боюнча эки тараптуу жолугушуу маселеси каралып жатканын, бирок азырынча так жооп бериле электигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM