Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматтык сайты иштей баштады

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 417 | 0

Москва Улуттар үйүндө Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москва шаарындагы кыргыздардын диаспоралык-коомдук уюмдарынын лидерлери, активисттери, жалпы эле Кыргызстандан келген мекендештер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага 100дөн ашуун кыргыз диаспорасынын жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция, дарыгерлер, студенттер, жеке ишкерлер катышты.

Жолугушууда элчи Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө карата Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ржев шаарын коргоодо курман болгон кыргызстандык аскерлерге эстелик мемориалын тургузуу тууралуу кыргыз тараптын пландарын маалымдады.

 Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын Орусиядагы  элчисинин жаңы блогу www.elchi.ru маалыматтык сайтынын бет ачары тартууланды. Аталган сайттан мекендештер документтерди тариздөө сыяктуу өздөрүнө керектүү маалыматтарды, сапаттуу укуктук кеңештерди алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM