Биз менен байланышыңыз

Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 582 | 0

6-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркияынын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайты маалымдады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эрдоган Баренц деңизиндеги кырсыктан каза болгон орус аскер кызматкерлери үчүн көңүл айтты.

Ливиядагы абал тынчсыздандырып жатканын, ок чыгарууну токтотуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Сириядагы өзөктүк келишим тууралуу сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM