Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: 2 адамды атып өлтүргөн шектүүнү кармоо аракети уланууда

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 651 | 0

Ысык-Көлдөгү «Хан-Теӊири» альп-лагеринин башчысынын орун басарын жана лагердин кызматкерин өлтүргөн шектүүнү издөө боюнча атайын операция уланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Учурда атайын иштелип чыккан пландын негизинде шектүүнү кармоо аракети жүрүп жатат.

Атайын операцияга облус аймагындагы башка күч түзүмдөрү да тартылган.

Эске сала кетсек, 4-июлда «Хан-Теңири» альп-лагеринин башчысынын орун басары 48 жаштагы А. Д. жана ошол эле жерден лагердин жумушчусу, Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М. К. куралдан атылган октон каза болушкан.

Кылмышка альп-лагердин күзөтчүсү, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну Сергей Смирнов шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү «Вепрь» үлгүсүндөгү мылтык менен ашканага кирип, «Хан-Теңири» альп-лагеринин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д.ны төшкө аткан. Ошол эле жерден лагердин жумушчусу, Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М. К.ны да ичке аткан.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы 33 жаштагы И. У. Сергейди кармоого аракет кылган. Бирок кылмышка шектүү аны бычак менен колго сайып жиберген. Андан тышкары, аймактагы чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы Л. И. аттуу тургунун барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кийинчерээк, окуянын эртеси күнү таңда барымтадагы аял бошонуп, базага келген.

Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталды. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө, иликтөө жана кармоо ыкчам иш-чараларына жетекчилик кылып жатканы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM