Биз менен байланышыңыз

Саймаитини өлтүрүүгө шектелип, төртүнчү адам кармалды

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 1069 | 0

Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип, төртүнчү адам кармалды. Төртүнчү шектүү Саймаити атылган курал менен колго түшкөн. Бул тууралуу Haberler порталы кечээ жазды.

Порталдын маалыматына ылайык, колго түшкөн үчөөнү суракка алгандан кийин шектүү А.Нормахамат (азырынча жарандыгы айтыла элек) кармалган. Полиция ошондой эле, Саймаитини өлтүргөндөн кийин шектүү жашырынып жүргөн унааны да тапкан.

Учурда иш сотко берилген.

Кытайдын жараны, жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Өз убагында Кыргызстанда ишкердик кылган Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адамдын Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясы кармалгандардын экөөнүн кыргызстандыктар экенин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM