Биз менен байланышыңыз

Комага түшкөн кызды ата-энеси Бишкекке алып келишти

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 1243 | 0

12-майда комага түшүп калган белгисиз кыз Бостери айылынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер бейтапка «мээ комасы» деген диагноз коюшкан.

Жакында кыздын ата-энеси табылып, аны Бишкектеги жашаган жерине алып кетишти. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ата-энесинин айтымында, ал азыр Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык.

Ысык-Көл райондук милициясы, жогорудагы окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип, кыздын өздүгүн аныктоого активдүү катышкан ар бир жаранга терең ыраазычылыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM