Биз менен байланышыңыз

«Хан-Теңири» лагеринде барымтага алынган дарыгер базага келди

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 623 | 0

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы «Хан-Теңири» лагеринде барымтага алынган дарыгер бошонуп, базага келди. Бул тууралуу облустук милициянын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ал эсен-соо. Ден соолугуна залал келтирилген эмес.

«Барымтага түшкөн айым лагерге таңкы саат 4:00дө келген. Ал жаракат алган эмес. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, кечээ Ысык-Көлдүн Эңилчек өрөөнүндөгү «Хан-Теңири» лагеринде эс алуу жайдын эки өкүлүн атып, дагы бирөөнү бычактап, мунун менен эле чектелбей, чумага каршы мекемеде иштеген аялды барымтага алган окуя катталган.

Бул кылмыштар сериясына аталган жайда күзөтчү болуп иштеген Сергей Смирнов шектелип жатат. Ал 33 жашта экени, жетим калып, көп жылдан бери аталган лагерде жашаганы маалым. Милиция шектүүнүн тоонун жолдорун мыкты билгенин белгилейт. Ал чет өлкөлүк туристтерди экскурсияга алып барып жүргөн.

Учурда күч органдары шектүүнү издөө, колго түшүрүү аракеттерин көрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM