Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө адам өлтүрүүгө, барымтага алганга шектүү изделип жатат

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 562 | 0

Ысык-Көлдөгү «Хан-Теӊири» лагеринин башчысынын орун басары 48 жаштагы А. Д. атылган октон набыт болду. Бул кабарды Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов социалдык баракчасына жазды.

Сталбек Усубакуновдун маалыматына караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнү аталган окуя боюнча Ак-Суу райондук милиция бөлүмүнүн (РИИБ) нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ кабарлаган.

Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге барышкан Ысык-Көл облустук жана Ак-Суу райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзгөн. Кылмышка лагердин күзөтчүсү, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну Сергей Смирнов шектелип жатат.

Маалыматка ылайык, жогоруда айтылган кылмышка шектүү «Вепрь» үлгүсүндөгү мылтык менен ашканага кирип, «Хан-Теңири» лагеринин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д.ны төшкө аткан. Жарат алган жаранды ошол аймактагы чек ара кызматынын медициналык бөлүмүнө алып баратканда, жолдо каза болгон.

Кылмышка шектүү ошол эле жерден лагердин жумушчусу, Каракол шаарынын 31 жаштагы М. К. аттуу жаранды да ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы 33 жаштагы И. У. Сергейди кармоого аракет кылган. Бирок кылмышка шектүү аны бычак менен колго сайып жиберген.  Андан тышкары, аймактагы чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы Л. И. аттуу тургунун барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факт Ак-Суу РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери шектүү Смирнов Сергейди кармоо жана Л. И.ни барымтадан бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдѳ.

Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталды. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө, иликтөө жана кармоо ыкчам иш-чараларына жетекчилик кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM