Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Манастын күмбөзүнө барды

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 466 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Манастын күмбөзүнө барды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Ошондой эле, Өкмөт башчы күмбөздүн жанындагы ипподромду оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев ипподромдун курулуш иштерин толук бүткөрүү үчүн дагы 5 миллион сомдой каражат керек экенин билдирди. Өз кезегинде премьер-министр колдоо көрсөтөрүн айтты.

Эске сала кетсек, быйыл Таласта көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Ага карата Өкмөт даярдык көрүүдө. Жакында атайын жыйын болуп, анда уюштуруу иштери каралды.

 

Copyright © 2017 Maral FM