Биз менен байланышыңыз

КСДПны кайра каттоо: Юстиция министрлиги Башкы прокуратурага жооп берди

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 522 | 0

Башкы прокуратуранын 24-июндагы текшерүүсүнүн жыйынтыгы Сагынбек Абдрахманов (КСДПнын учурдагы төрагасы) жөнүндө маалыматтардын электрондук базасынын өзгөрүшү менен байланышпайт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин малымат кызматы билдирди.

Буга чейин Юстиция министрлиги тарабынан Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Бирдиктүү реестрдеги маалыматтарына өзгөртүү киргизилишин Башкы прокуратура мыйзамсыз деп тапкандыгы боюнча маалымат тараган болчу.

Юстиция министрлиги билдиргендей, Башкы прокуратуранын 24-июндагы текшерүүсүнүн жыйынтыгы КСДПнын учурдагы төрагасы Сагынбек Абдрахманов жөнүндө маалыматтардын электрондук базасында өзгөрүшү менен байланыштуу эмес.

Аталган кайрылуу Юстиция министрлигине 28-майда Асель Кодуранова тараптан келип түшкөн арыздын карап чыгуу мөөнөтүнүн бузулганына байланыштуу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM