Биз менен байланышыңыз

Сот Атамбаевдин тарапташтарынын баш коргоо чарасын карайт

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 435 | 0

Бүгүн, 3-февралда, саат 16.00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун, Атамбаевдин Президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, КСДП партиясынын мүчөлөрү Фархат Баабиев жана Рыспек Карыпбек уулунун баш коргоо чарасы каралып, №1 Тергөө абагында камакта кармалуу мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Тергөөчүлөр жана прокурорлор жогоруда аты аталгандардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн 2 айга узартууну суранышат.

Ушул жылдын 7-8-августтарында Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында камакка алынган Атамбаевдин тарапташтарынын баш коргоо чарасы буга чейин каралып, 9-февралга чейин №1 Тергөө абагында камакта калтыруу чечими чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM