Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: КСДПны кайра каттоодо мыйзам бузуу болгон

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 552 | 0

Юстиция министрлиги тарабынан Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Бирдиктүү реестрдеги маалыматтарына өзгөртүү киргизилишин Башкы прокуратура  мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Аталган иш боюнча КСДПнын төрайымы Асель Кодуранова Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Ал эми Башкы прокуратура 24-июндагы ишти текшерүүсүнүн жыйынтыгында Юстиция министрлигинин Бирдиктүү реестрдеги маалыматтарга өзгөртүү киргизүүсүн мыйзамсыз деп таап, бул ишке тиешеси бар кызматкерлерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу аркылуу мыйзам бузууну жоюуну сунуштаган.

Эскерте кетсек, 17-апрелде Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократтар партиясынын» документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевичтин ысымы жазылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM