Биз менен байланышыңыз

ИИМ депутат Асель Кодуранованы суракка алат

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 209 | 0

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асель Кодуранова Ички иштер министрлигине (ИИМ) чакырылды. Ал бүгүн түштөн кийин суракка алынат. Бул маалыматты Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазды.

Кодуранова саат 10:00гө суракка барган. Бирок жактоочусу жок болгондуктан, сурак түштөн кийинкиге жылдырылган.

Депутат Асель Кодуранова учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын төрайымынын милдетин аткарат. Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде кылмышка шектелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM