Биз менен байланышыңыз

БУУ: Кыргызстан жарандык маселесинде дүйнөгө үлгү болот

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 604 | 0

Кыргызстан жарансыздык маселеси менен күрөшүүдө көптөгөн өлкөлөргө үлгү боло ала турган көрсөткүчкө жетишти. Беш жылдын ичинде жарандыгы жок адамдар 13 миңден нөлгө түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгы билдиргенин «КА Ньюс» сайты жазды.

Бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада 50 адам кыргыз жарандыгын алышып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспортторго ээ болушту. Алар буга чейин бир да өлкөнүн жараны боло албай келишкен.

Советтер Союзу тараган соң, Орто Азияда жүз миңдеген адамдар жарандыгы жок калышкан. БУУнун 2014-жылдагы жүргүзгөн сурамжылоосунда Кыргызстанда жарандыгы жок 13700 адам катталган, анын 2 миңин жаш балдар түзгөн. Кампания дүйнө боюнча 2024-жылга чейин бул маселени чечүүгө чакырган.

«Кыргызстан жарандык маселеге так болуп, жалпы өлкөлөргө үлгү көрсөттү. Башкалар да буга көңүл бурат деген үмүттөмүн», — деп билдирди БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди. Ошондой эле, бүгүн өздүк документтерге ээ болгондорду куттуктап өттү.

Учурда дүйнө жүзүндө жарандыгы жок 10 миллион эл бар. Алардын 500 миңи Европа өлкөлөрүн байырлайт. Арасында миңдеген жаш бала бар. Өздүгүн аныктаган документтери жок балдар окууга жана медициналык жардамга кайрылууга мүмкүнчүлүк ала алышпайт. Алар бир жактан экинчи жакка көчүүдө кыйналышып, басмырлоого көбүрөөк кабылышат.

Copyright © 2017 Maral FM