Connect with us

Төрөбаев Екатеринбургдагы кыргызстандыктын өлүмү боюнча Өкмөткө кайрылды

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 744 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Орусияда «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовду атып өлтүрүлгөндөрдү таап, ишти кылдат иликтөө боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Депутат өз кайрылуусунда бул — мигранттарга жасалып жаткан алгачкы же акыркы кол салуу деп айтууга азырынча эрте экендигин белгилейт.

«Жыл сайын 2,5 млрд доллардан ашуун акча которуп, экономикага эбегейсиз салым кошуп жаткан мекендештерибиздин чет өлкөдөгү укуктары, коопсуздугу, кызыкчылыктары корголобу?» — деген суроо учурда коомчулукта орчундуу болуп турат. Мекендешибиздин өлүмү боюнча тергөө тобу тарабынан түрдүү версиялар айтылып жатат. Сиз өкмөттүн башчысы катары бардык тиешелүү министрликтерге конкреттүү тапшырмаларды берип, ЕАЭБдин алкагындагы укуктарыбызды толук кандуу пайдаланып, мигранттардын кооптонууларын азайтып, кылмыштын чоо-жайынын обьективдүү аныкталышын камсыздап берүүңүздү суранам», — деген Бакыт Төрөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM