Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 21 уюм террористтик жана экстремисттик деп табылды

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 941 | 0

Соттордун чечими менен Кыргызстанда 21 уюм террористик жана экстремисттик деп табылды. Бул тууралуу ИИМдин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим  диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча Ат-Башы районунда өткөн кеңешмеде белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкы башкармалыгынын адистери жергиликтүү тургундардын, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын кызматкерлери менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Адистердин пикири боюнча, өлкөдө 21 террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү башка адамдарды тартууга аракет кылып, үгүттөө иштерин жүргүзүшөт.

Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмеси:

  1. «Аль-Каида»;
  2. «Талибан»;
  3. «Чыгыш Түркестандын Ислам кыймылы»;
  4. «Конгра-Гель күрдү» элдик конгресси»;
  5. « Чыгыш Түркстан боштондук уюму »;
  6. «Хизбут ут-Тахрир-аль-Ислами»;
  7. «Жихад тобу» (Жихад Ислам союзу);
  8. « Өзбекстан Ислам кыймылы»
  9. Чиркөөлөрдүн бирикмеси (церковь Муна);
  10. «Жайшуль махди»;
  11. «Джундь-аль Халифат»;
  12. «Ансаруллох» (Ансарул Аллах);
  13. «Ат-Такфир Валь-Хиджра» (Ат-Такфир ва-л-Хиджра);
  14. «Акрамия»;
  15. Саид Бурятиянын үгүт-пропагандалык материалдары (Александр Тихомиров);
  16. «Ислам мамлекети» ;
  17. «Джабхат ан-Нусра»;
  18. «Катибат аль-Имам аль-Бухари»;
  19. «Жаннат ошиклари» (Поклонники рая);
  20. «Джамаат ат-Таухид валь-Джихад»;
  21. «Йакын инкар».

Copyright © 2017 Maral FM