Биз менен байланышыңыз

Гондураста кеме кыйрап, 26 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 697 | 0

Латын Америкада жайгашкан Гондурас өлкөсүндө кеме оодарылып, 26 адам каза болду. Бул тууралуу Televicentro жергиликтүү каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, Грасиас-а-Диос департаментинин жээгине жакын жерде балык уулоочу кеме кыйраган. Анын айынан 26 балыкчы көз жумган. «Капитан Уолли» аттуу кемедеги 47 адам куткарылган.

Кырсыкка бороон-чапкын, кара нөшөр себепкер деп айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM