Биз менен байланышыңыз

Мавритания: Кеме кырсыгында 40 кишинин бирөө аман калды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 404 | 0

Мавритания жээгинде мыйзамсыз иммигранттарды ташып бара жаткан кемедеги кырсыктан 40 кишинин бирөөсү гана аман калган. Бул тууралуу БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын атайын өкүлү Винсен Кошетел билдирди.

«Дагы бир кеме Мавританиянын Нуадибу шаарынын жанында чөгүп кетти. Бортунда кыркка жакын адам болгон, бирөө аман калган «, — деди Кошетел.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан аман калган адам Гвинеянын жараны.

Кеме Европа өлкөлөрүнүн бирине баратканы болжолдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM