Биз менен байланышыңыз

Түркияда мигранттарды ташыган кеме оодарылып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 661 | 0

Бүгүн, 26-декабрда Түркиянын Ван көлүндө легалдуу эмес мигранттарды ташып бараткан кеме оодарылды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык учурунда 7 адам каза болуп, 64ү куткарылган. Бешөөсү ошол жерден, дагы экөө ооруканага жетпей каза болгон.

Кеме Пакистан, Бангладеш жана Ооганстандан келген мигранттарды ташып бараткан, жээкке жакындаган учурда оодарылып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM