Биз менен байланышыңыз

Керчте күйгөн кемеде набыт болгондордун саны он төрткө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 597 | 0

Азов деңизинин Керч кысыгында өрттөнүп кеткен эки кеменин ичинде каза болгондордун саны он төрткө жетти. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кемедеги 32 кишинин алтоосунун тагдыры али белгисиз бойдон.

Орус деңиз флотунун куткаруу тобунун билдиришинче, аларды тирүү табууга дээрлик үмүт жок. Мерт кеткендердин арасында Танзания, Индия жана Түркиянын жарандары бар экени кабарланууда. Калган он эки киши тирүү куткарылган.

Эске салсак, кечээ кечинде Керч кысыгынын Орусиянын чегине кирген бөлүгүндө «Маэстро» жана «Канди» кемелери күйүп кеткен. Кемелердин бирөө газовоз болгон үчүн, алар күйүүчү май алмаштырып жаткан кезде жалын тутанып экөөнү мойсогон. Эки кемеде жалпысынан 4,5 миң тонна күйүүчү май болгон.

Окуя болгон жерге Орус деңиз флотунун 10 куткаруучу кемеси барып, издөө, куткаруу иштерин жүргүзуүдө.

Copyright © 2017 Maral FM