Биз менен байланышыңыз

ТИМ Керчтеги окуяга байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 872 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Керч шаарындагы Политехникалык колледжиндеги көп адамдын өмүрүн алган трагедиялуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле каза тапкандардын жакындарынын кайгыларын бөлүшөрүн белгилеп, жабыр тарткандардын бат айыгып кетишин каалады.

Эскерте кетсек, 17-октябрда Крымдын Керч шаарындагы Политехникалык колледждин имаратында ок атуу жана жардыруу болгон. Аталган окуу жайдын 4-курсунун студенти Владислав Росляков  колледждин ашканасында бомба жардырып, артынан туш келген адамдарга ок чыгарып, аягында китепканага кирип өз өмүрүнө кол салган. Натыйжада 20 адам набыт болуп, 40 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM